Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-апрели № 15/1
Жаны-Арык айыл аймагында жазгы айдоо-себүүгө катышуучу айыл-чарба техникаларынын тарифтерин, мал багуунун акысын, мал башына жайыт акыны, чѳп чабуучу техниканын, дан эгиндерин жыйноочу техниканын тарифтерин бекитүү жана корук жерлерге түшкѳн малдарга айып пулдарды белгилѳѳ, корук уюштуруунун, сугат сууларын пайдалануу мѳѳнѳттѳрүн белгилѳѳ жѳнүндѳ
Жаны-Арык айыл аймагынын тургундары менен ѳткѳрүлгѳн жыйындардын 05.04.2018-жылдагы №1, №2, 06.04.2018-жылдагы №3, №4 09.04.2018-жылдагы №5, №6, №7 протоколдорунун негизинде Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана айылдык Кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, сунуштарын эске алып Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Арык айыл аймагында жазгы айдоо-себүүгө катышуучу айыл-чарба техникаларынын тарифтерин, мал багуунун акысын, мал башына жайыт акыны, чѳп чабуучу техниканын, дан эгиндерин жыйноочу техниканын тарифтери жана корук жерлерге түшкѳн малдарга айып пулдарды белгилѳѳ, корук уюштуруунун, сугат сууларын пайдалануу мѳѳнѳттѳрү тѳмѳндѳгүдѳй белгиленсин жана бекитилсин:
1 га жер аянты үчүн:
- Жер айдоо – 1000 сом, 25 л май
- Малалоо – 500 сом, 10 л май
- Себүү – 500 сом, 10 л май
- Шак тартуу – 200 сом, 5 л май
- Чөп чабуу (косилка) – 800 сом, 10 л май
- Чөп чабуучу комбайн – 1200 сом, 10 л май
- Пресс подборщик – 1 түк чөп 8 сом, 1 га жерге 10 л май
- Комбайндын акысы – 1500 сом, 25 л май
1 га жер аянты сугат жүргүзүү үчүн:
- Кара сугат – 6 саат
- Жер жана чөп аянтын сугаруу – 5 саат
- Огород сугаруу – 4 саат, огород сугаруу кечки саат 07-00 дѳн, эртен мененки саат 04-00 гѳ чейин жүргүзүлѳт.
Мал багуунун акысы
- Бодо малга – 300 сом
- Кой-эчки – 35 сом
Жайыт акысы:
- Бодого (уй, жылкы, топоз) – 60 сом, төлүнө алынбайт
- Кой-эчки – 12 сом, төлүнө алынбайт.
Эскертүү: Ар бир мал ээси жайыт акысын ѳздѳрү тѳгүшѳт.
Корук уюштуруу: 2018-жылдын 25-апрелинен башталат. Күзүндө оруп-жыюу өнөктүгү толук аяктаганга чейин жүргүзүлөт.
Корукка түшкөн малдын айып пулу:
- Бодого – 100 сом
- Кой-эчкиге – 30 сомдон.
Эскертүү: Корукчу 12 саат ичинде мал ээсине, айыл башчыларга билдириши керек.
Көчүү- конуунун убактысы:
20-апрелден тартып ички жайыттарга, ал эми сырткы жайыттарга 20-июнга чейин толук көчүп бүтүшү керек.
2. Жаны-Арык айылдык Кеңешинин 31.03.2017-жылдагы №7/1 токтому күчүн жоготту деп табылсын;
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |