Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-апрели №15/3
Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдагы кирешеден ашкан суммадан бѳлүнгѳн статьяларга ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ
Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы Т.Султанкадыровдун маалыматын угуп, айылдык Кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн 2017-жылдагы кирешеден ашкан суммадан 3111 статьясы боюнча Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн административдик имаратынын капиталдык ремонтуна бѳлүнгѳн 376424 сом 46 тыйын тѳмѳндѳгү статьялар боюнча жылдырылсын:
22211200 статьясына – ички жолдорду ремонт кылууга – 131424 сом 46 тыйын;
22221100 статьясына – Касымбек уулу Мамбеталы орто мектебине ѳрт коопсуздугун алдын алуучу каражаттарды алууга – 8000 сом;
22221100 статьясына – Р.Солтонбеков атындагы орто мектебинин ашканасына инвентарларды алууга – 10000 сом;
3112 статьясына – Жаны-Арык айылдык жайыт комитетине жүк ташуучу автоунаанын ѳздүк салымына – 227000 сом.
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |