Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-апрели № 15/4
Жаны-Арык айыл аймагындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун кайрак жерлерине ижара акысын бекитүү жѳнүндѳ
Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын сунушун карап, айылдык Кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, сунуштарын эске алып Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Арык айыл аймагындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун кайрак жер аянттары үчүн 1 га жер аянтынын ижара акысы 500 (беш жүз) сом ѳлчѳмүндѳ белгиленсин;
2. Кайра бѳлүштүрүү фондунун кайрак жерлеринен ижарага алуу үчүн кайрылган жарандарга эки тараптуу келишим түзүү жолу менен берилсин;
3. Жаны-Арык айыл аймагынын жер комиссиясы кайрак жер аянттарынын ижарасы акысы боюнча мурда кабыл алган чечимин ушул токтомго ылайык келтирсин;
4. Бул токтом кабыл алынган күндѳн баштап күчүнѳ кирет;
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |