Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-апрели №15/6
Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт комитетинин экскаваторунун айыл тургундарына кызмат көрсөтүү боюнча тарифтерин бекитүү жѳнүндѳ
1. Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт комитетинин экскаваторунун айыл тургундарына кызмат көрсөтүү боюнча тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Жер казуу – 1 м жер үчүн 150 сом, 1 м2 жер аянтын касуу 500 сом, майы ичинде;
- ГАЗ-53 унаасына кум-шагыл, топурак жүктөө – 400 сом, майы ичинде;
- ЗИЛ - унаасына кум-шагыл, топурак жүктөө – 500 сом, майы ичинде;
- КАМАЗ - унаасына кум-шагыл, топурак жүктөө – 700 сом, майы ичинде;
- ХОВО - унаасына кум-шагыл, топурак жүктөө – 1000 сом, майы ичинде;
2. Бул токтом айыл аймагынын баардык тургундарына тааныштырылсын;
3. Жаны-Арык айылдык Кенешинин 31.03.2017-жылдагы №7/5 токтому күчүн жоготту деп табылсын;
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт комитетинин тѳрагасы А.Түгѳлбековго тапшырылсын.
Төрага | К. Саралаев |