Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-апрели №15/7
Жаны-Арык айыл аймагындагы мектептерге тиешелүү жер аянттарын жаңы бала бакчалар, искусство мектеби жана спорт мектебинин филиалы ачылгандыктан кайра бѳлүү жѳнүндѳ
Жаны-Арык айыл аймагында жаңы 2 мектеп салынгандыктан, 3 бала бакча, 1 балдар искусство мектеби жана спорт мектебинин филиалы ачылгандыктан мектептердин мурдагы эски корпустарын айланасындагы жер аянттары менен кайра бѳлүп берүү жѳнүндѳ айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кайрылуусун карап жана маалыматын угуп, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Арык айыл аймагындагы Касымбек уулу Мамбеталы атындагы орто мектебине тиешелүү болгон 43918 м2 жер аянтындагы эски корпусун жана жер аянты тѳмѳндѳгүдѳй бѳлүнүп берилсин:
1) Касымбек уулу Мамбеталы атындагы орто мектебине – 32079,70 м2 жер аянты бѳлүнүп берилсин;
2) “Кызарт” бала бакчасына Касымбек уулу Мамбеталы атындагы мектептин эски корпусунан 8 класстык бѳлмѳсү фаеси менен жана айланасындагы жер аянты менен чогу – 4416,73 м2 жер бѳлүнүп берилсин;
3) М.Бегалиев атындагы балдар искусство мектебине Касымбек уулу Мамбеталы атындагы эски корпусунан 6 класстык бѳлмѳсү актовый залы менен жана айланасындагы жер аянты менен чогу – 3094,21 м2 жер бѳлүнүп берилсин;
4) Спорттук мектептин филиалына Касымбек уулу Мамбеталы атындагы мектептин эски корпусунан 3 класстык бѳлмѳсү мастерской менен жана алдындагы жер аянты менен чогу 988,72 м2 жер бѳлүнүп берилсин.
2. Р.Солтонбеков атындагы орто мектебине тиешелүү болгон 25228,5 м2 жер аянтындагы эски корпусун жана жер аянты тѳмѳндѳгүдѳй бѳлүнүп берилсин:
1) Р.Солтонбеков атындагы орто мектебине 21050,97 м2 жер аянты бѳлүнүп берилсин;
2) “Кызарт-Таң нуру” бала бакчасына №2 корпусу толук бойдон жана айланасындагы жер аянты менен чогу 4177,53 м2 жер аянты бѳлүнүп берилсин;
3. А.Идинов атындагы орто мектебине тиешелүү болгон 24625,3 м2 жер аянтындагы №3 корпусу толугу менен жана айланасындагы жер аянты менен чогу 3742,14 м2 жер аянты “Кызарт-келечеги” бала бакчасына бѳлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго тапшырылсын.
Төрага | К. Саралаев |