Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну №16/2
Убактылуу депутаттык комиссия түзүү жѳнүндѳ
Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн административдик имаратын капиталдык ондоп-түзѳѳдѳн ѳткѳрүү боюнча долбоор дем берүүчү грантка ѳткѳндүгүнѳ байланыштуу убактылуу депутаттык комиссия түзүү жѳнүндѳ айылдык Кеңештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Арык айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн административдик имаратын капиталдык ондоп-түзѳѳдѳн ѳткѳрүү боюнча долбоор дем берүүчү грантка ѳткѳндүгүнѳ байланыштуу, ондоо-түзѳѳ иштеринин жүрүшүнѳ жана жумуш аягына чыкканга чейин аткарылып жаткан иштерди кѳзѳмѳлдүккѳ алуу боюнча тѳмѳндѳгү курамдан турган убактылуу депутаттык комиссия түзүлсүн:
1) Р.Тажиев – комиссиянын тѳрагасы
2) К.Саралаев – комиссиянын мүчѳсү
3) Б.Мусаев – комиссиянын мүчѳсү
4) А.Үсѳнов – комиссиянын мүчѳсү
5) А.Алжанбаев – комиссиянын мүчѳсү
6) А.Жумалиев – комиссиянын мүчѳсү
7) Н.Токоев – комиссиянын мүчѳсү
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырам.
Төрага | К. Саралаев |