Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7- июну №16/3
Жаны-Арык айыл аймагындагы сайлардагы, каналдардагы автоунаалар ѳтүүчү кѳпүрѳлѳрдүн алдынан жана анын жанынан 150 м аралыкка чейинки жакын аралыктан кум-шагыл алууга жана экскаватор менен казууга тыюу салуу жѳнүндѳ
Жаны-Арык айыл аймагындагы сайлардагы, каналдардагы автоунаалар ѳтүүчү кѳпүрѳлѳрдүн алдынан жана анын жанынан 150 м аралыкка чейинки жакын аралыктан (кѳпүрѳлѳрдүн 2 тарабынан тең) кол менен, экскаватор менен казып кум-шагыл алууга тыюу салуу боюнча айылдык Кеңештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Арык айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Арык айыл аймагындагы сайлардагы, каналдардагы автоунаалар ѳтүүчү кѳпүрѳлѳрдүн алдынан жана анын жанынан 150 м аралыкка чейинки жакын аралыктан (кѳпүрѳлѳрдүн 2 тарабынан тең) кол менен, экскаватор менен казып кум-шагыл алууга тыюу салынсын;
2. Бул токтом менен баардык айыл тургундарын тааныштыруу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл башчыларга (Н.Тажиев, М.Мамбетжанов, Дайырбек уулу С) тапшырылсын;
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |