Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-июну №1-4
Жерге-Тал айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесине ылайык сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Н.Багышбековага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жерге-Тал айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Г.Шамырзаевага милдеттендирилсин.
Төрага | К. Шакыев |