Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04-августу №2-2
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин аткарылышын кабыл алуу,2017-жылга бюджетин жана 2018-2019-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин аткарылышы жыл башындагы пландан сырткары алымча кошумча уведомлениелерине ылайык “канааттандырарлык” деп кабыл алынсын.
2. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү өздүк бекитилген киреше 2 296,0 (эки миллион эки жүз токсон алты миң) сом,теңдөөчү грант 7014,4 (жети миллион он төрт миң төрт жүз) сом,ата-энелер төлөмү 913,0(тогуз жүз он үч миң) сом кошулуп,жалпысынан 10 223,4 ( он миллион эки жүз жыйырма үч миң төрт жүз) сом суммасында кабыл алынсын.
3. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 10 223,4(он миллион эки жүз жыйырма үч миң төрт жүз) сом менен кабыл алынсын.
4. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга жана 2018-2020-жылдардын долбооруна Республикалык бюджет жөнүндөгү”мыйзамынын 6-статьясынын 4 пунктуна жана 12-статьясынын 3 пунктуна негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга,коммуналдык чыгымдарга,калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалары жана коммуналдык чыгымдын толук каржылоосуна айыл өкмөтү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.
5. Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 107,0 (бир жүз жети миң)сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110-беренесине негиз 2017-жылдын 1-январына карата калдык 419538 сом калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун чектеринде 180,0 (бир жүз сексен миң)сом өлчөмүндө бекитилсин.Боспиек айылына суу түтүктөрүн алуу үчүн 39,538 (отуз тогуз миң беш жүз отуз сегиз) сом, Алтынай каналын ремонттоо иштерине 200,0 (эки жүз миң) сом жумшалсын.
8. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
9. Токтомду расмий сайтка жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Шакыев |