Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04-августу №2-4
Айыл чарба эмес жерлер үчүн дифференциалдык коэффициент бекитүү жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын КРнын Салык Кодексинин 339-беренесиндеги 4-пункттун негизинде Жерге-Тал айыл аймагындагы жер салыктарды 2018-2020-жылдарга карата бекитүү жөнүндөгү корутундусун угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагындагы айыл чарба эмес багытындагы жерлер үчүн дифференциалдык коэффициент Жерге-Тал айылы,Боспиек айылы,Капчыгай айылы үчүн 0,4 коэффициент болуп бекитилсин.
2. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Н.Багышбековага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Шакыев |