Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-августу №3-1
«Жерге-Тал айылына кургатылган мөмө-жемиштер үчүн кичилогистикалык борбор куруу” долбооруна жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айылынын эски аталакана участкасында жайгашкан айыл чарбасына жараксыз жерлерден 0,21 га жер аянтын «Жерге-Тал айылына кургатылган мөмө-жемиштер үчүн кичилогистикалык борбор куруу” долбоорун ишке ашыруу үчүн бөлүп берилсин.
2. Долбоор ишке ашырылгандан кийин имарат Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн балансында турат.
3. Аталган жер аянтына тиешелүү иш-кагаздарын Аксы райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен биргеликте даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Н.Багышбековага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Өтөмбаевге жүктөлсүн.
Төрага | К. Шакыев |