Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-августу №3-2
«Жерге-Тал айылына кургатылган мөмө-жемиштер үчүн кичилогистикалык борбор куруу” долбооруна өздүк салым үчүн акча бөлүп берүү жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондуна” даярдалган «Жерге-Тал айылына кургатылган мөмө-жемиштер үчүн кичилогистикалык борбор куруу” долбооруна талап кылынган өздүк салым үчүн 120,0 миң акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүп берүүнү 2018-жылга карата бекитилүүчү бюджеттин планына киргизилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Н.Багышбековага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Тууганбаевге жүктөлсүн.
Төрага | К. Шакыев |