Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-сентябры №4-1
Алтынай орто мектебине көмүркана куруу жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Та айыл өкмөтүнүн Боспиек айылындагы Алтынай орто мектебинин көмүрканасынын курулуш иштерин толук кандуу бүтүрүү үчүн Р-70629 бөлүмүнүн 31113390(башка курулуштарды капиталдык оңдоо) статьясында жайгашкан 200,0 миң(эки жүз миң) сом акча каражатын Р-70921 бөлүмүнүн 3113390 (башка курулуштарды капиталдык оңдоо) статьясына жылдырылсын.
2. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Э.Найманбаевага милдеттендирилет.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Н.Багышбековага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Тууганбаевге жүктөлсүн.
Төрага | К. Шакыев |