Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-сентябры №4-2
Кошумча смета киргизүү жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн бюджетине ашыкча лицензия салыгынан келип түшкөн акча каражатын жумшоо жөнүндөгү корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын лицензия салыгынан ашыкча түшкөн 150,0 (бир жүз элүү ) миң сом акча каражатын планга коюп берүү жагы КРФМ Аксы башкармалыгынын башчысы М.Касымбековдон суралсын.
2. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын лицензия салыгынан түшкөн 150,0(бир жүз элүү ) миң сом акча каражаты Р-70629 (башка турак жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) бөлүмүнүн 31113320 (жолдорду капиталдык оңдоо) статьясына жумшалсын.
3. Жогоруда аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына билдирүү берип туруу жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Н.Багышбековага жүктөлсүн
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Тууганбаевге жүктөлсүн.
Төрага | К. Шакыев |