Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04-октябры №5-1
Капчыгай орто мектебинин эски имаратын буздуруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Капчыгай айыл башчысынын жана жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын Капчыгай орто мектебинин эски имаратын буздуруу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай орто мектебинин эски имараты авариялык абалда тургандыгына байланыштуу атайын комиссия түзүлүп буздурулсун.
2. Имаратты буздуруудан кийинки жарактуу курулуш материалдары атайын түзүлгөн комиссияга өткөрүп берилсин жана кабыл алынган материалдар ФАПка,Капчыгай мектебине,балдар бакчасына бөлүнүп берилсин.
3. Аталган имаратты буздурууга тиешелүү иш-аракеттерди жасоо жана муниципалдык баланстан чыгаруу жагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Н.Багышбековага жүктөлсүн
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана бюджет ,каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Шакыев |