Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04-октябры №5-2
Жерге-Тал айылынын ичүүчү суу үчүн 2017-жылга карата төлөнүүчү тарифтерин бекитүү жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын ичүүчү суу үчүн тарифтерди бекитүү тууралуу корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айылындагы ичүүчү суудан пайдалангандыгы үчүн 2017-жылга карата бардык кожолуктарга төлөнүүчү тарифтер төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
Көчөдөгү куурлардан ичкендерге-айына 10 сомдон болуп ,жылына 120 сом
Үйүндөгү куурлардан ичкендерге-айына 50 сомдон болуп,жылына 600 сом
Мончо иштеткен кожолуктарга -айына 120 сомдон болуп,жылына 1200 сом
2. Жерге-Тал айылындагы ичүүчү суунун бардык куурлардан тынымсыз чыгышын камсыздоону,бузулган трубаларды оңдоону ушул жылдын декабрь айына чейин толук бүтүрүү жагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Н.Багышбековага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жерге-Тал айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | К. Шакыев |