Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04-октябры №5-3
Дүкөндөргө спирт ичимдигин сатуу боюнча чектөө киргизүү жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын айылдардагы дүкөндөрдүн спирт ичимдигин сатуусуна чектөө киргизүү жөнүндөгү корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагындагы калк арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана айылдардын коопсуздугун сактоо максатында айылдардагы бардык дүкөндөрдүн спирт ичимдигин сатуу жагы кечки саат 20.00дөн кийин токтотулсун.
2. Көрсөтүлгөн убакыттан кийин спирт ичимдигин саткан дүкөн ээлерине аймактык тескөөчү тарабынан тиешелүү чаралар көрүлсүн.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Н.Багышбековага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Шакыев |