Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04-октябры №5-4
Айыл аймагындагы ички көчөлөрдү кеңейтүү жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагындагы бардык ички көчөлөрдү кеңейтүү үчүн Жерге-Тал айыл өкмөтү тарабынан атайын комиссия түзүлсүн.
2. Айыл аймагындагы ар бир ички көчөнү айылдардын генералдык планына ылайык түздөп,кеңейтүү жагы атайын түзүлгөн комиссиянын курамына жана айыл өкмөттүн жер адисине жүктөлсүн.
3. Көчөлөрдү генералдык планга ылайык түздөп,кеңейтүүдө каршылык көрсөткөн кожолук ээлерине мыйзамдын негизинде тиешелүү чараларды көрүү жагы атайын түзүлгөн комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Н.Багышбековага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | К. Шакыев |