Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04-октябры №5-5
Ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн орточо баасын бекитүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагынын ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн мүчөсү Жээнкулов Суеркулдун Аксы райондук жеке ветеринарлардын Ассосациясынын башчысы К.Т.Сыябаевдин 2017-жылга карата калкка ветеринардык кызмат көрсөтүүнү орточо баасы боюнча көрсөтмөсүнө ылайык 2017-жылга ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдүн орточо баасын бекитип берүү сунушун угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагындагы калктын менчигиндеги мал жандыктарга ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн орточо баалары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- Мал доктурду чакыруу -40 сом
Вакцинация
-1баш кара мал- 40-50 сом
- 1 баш майда жандык-10 сом
- 1 баш үй канаттуусу-5 сом
Диагностика
-Кан алуу -50-100 сом
- Патматериал-50-100 сом
-Копрология-30-80 сом
Хирургия,акушерства
-Кара мал жана жылкы туутка жардам берүү 1000-2000 сом
Майда жандыктарга 100-200 сом
-Чөп алуу,дарылоо 1жолкуга 800-1500 сом
-Оору малды дарылоо,мүнөзүнө жараша кара малга 500-1000 сом
Майда жандыктарга 200-500 сом
-Кастрация (бычуу) майда жандыктарга 30-50-сом
-кара малдарга кесерово жасоо 2000-3000 сом
Иттерди көзөмөлдөө
-Иттин байлануусун көзөмөлдөө-40 сом
-кутурмага эмдөө -50 сом
-таблетка берүү -20 сом (дегельментация)
-чумага эмдөө -50 сом
Дарылоо
-кан тамырга тамчылатуу -150-200 сом
-этке сайуу -25 сом
-териге сайуу -20 сом
Тактама берүү
-кара малга,жылкыга-30 сом
-майда жандыктарга-15 сом
-жайыттарга тактама берүү -5 сом ири малдарга, 1 сом майда жандыктарга.
2. Белгиленген баалардын негизинде гана иш алып баруу жагы айыл аймагынын бардык мал доктурларына жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Н.Багышбековага жүктөлсүн
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Шакыев |