Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04-октябры №5-6
Жерге-Тал айылдык Кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаты Изабеков Таалайбектин депутаттык укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жерге-Тал айылдык Кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаты Изабеков Таалайбектин арызын карап жана талкуулап,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 22-беренесине ылайык сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын Боспиек айыл башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу жана жазган арызынын негизинде Изабеков Таалайбектин депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Кезекте турган талапкерди №2315 Боспиек шайлоо округунан көрсөтүп берүү жагы Аксы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Н.Багышбековага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | К. Шакыев |