Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-октябры №6-1
Сметага өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сметага өзгөртүү киргизүү тууралуу корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүндө КТП-10/0,4 трансформаторлорун лабораториядан өткөрүүгө жана көчөлөрдү шагалдап түздөөдө кызмат акылары үчүн Р-70629 бөлүмүнүн 31113320 (жолдорду капиталдык оңдоо) статьясынан 100,0 (бир жүз) миң сом акча каражатын Р-70629 бөлүмүнүн 22154900 (дагы башка кызмат көрсөтүүлөр) статьясына,50,0(элүү) миң сом Р-70111 бөлүмүнүн 22154900 (дагы башка кызмат көрсөтүүлөр) статьясына жылдырылсын.
2. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы маселелер боюнча туруктуу комитетине билдирүү берип туруу жагы ФЭБнүн башчысы Э.Найманбаевага милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Н.Багышбековага жүктөлсүн
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Тууганбаевге жүктөлсүн.
Төрага | К. Шакыев |