Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-декабры №7-1
Сметага өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселери боюнча туруктуу комиссиясынын жыл ичинде өткөн тендерлерден үнөмдөлгөн акча каражатын жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрдү чечүү максатында жергиликтүү бюджеттин сметасына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Талд айыл аймагынын Алтынай атындагы Боспиек орто мектебинин жылытуу системасынын ремонту бүткөндүгүнө байланыштуу көмур менен камсыз кылуу үчүн Р-70921 бөлүмүнүн 2231 (электр энергиясы үчүн төлөө) статьясынан 70,0 (жетимиш миң) сом акча каражатын Р-70921 бөлүмүнүн 2224 (көмүр алуу) статьясына,Р-70921 бөлүмүнүн 3111 (имараттар жана курулуштар) статьясынан 51,1 (элүү бир миң бир жүз) сом акча кажаты Р-70921 бөлүмүнүн 2224 (көмүр алуу) статьясына,Р-70629 бөлүмүнүн 3111 (имараттар жана курулуштар) статьясынан 45,6 (кырк беш миң алты жүз) сом акча каражатын Р-70921 бөлүмүнүн 2224 (көмүр алуу) статьясына,Жерге-Тал айылынын суу түтүктөрүн оңдоо үчүн полиэтилен трубаларын алуу үчүн Р-70629 бөлүмүнүн 3111 (имараттар жана курулуштар) статьясынан 40,5 (кырк миң беш жүз) сом акча каражатын Р-70629 бөлүмүнүн 2222 (учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу) статьясына, №19 “Назик” балдар бакчасына электр эсептегичтерди орнотуу үчүн Р-70629 бөлүмүнөн 2215 ( дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу) статьясынан 13,5 (он үч миң беш жүз) сом акча каражатын жана Р-70629 бөлүмүнүн 3111 (имараттар жана курулуштар) статьясынан 5,0 (беш миң) сом акча каражатын Р-70911 бөлүмүнүн 2222 (учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу) статьясына ,Капчыгай айылындагы эски мектептин имаратын баалоодо кызмат акысы үчүн Р-70111 бөлүмүнүн 2222 (учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу) статьясынан 1,6 (бир миң алты жүз ) сом акча каражаты Р-70111 бөлүмүнүн 22154900 (дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу) статьясына жылдырылсын.
2. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына отчет берип туруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Н.Багышбековага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Шакыев |