Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-февралы №9-1
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышын кабыл алуу,2018-жылга бюджетин жана 2019-2020-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча корутундусун жана ФЭБнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы “канааттандырарлык” деп баалансын.
2. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү,өздүк бекитилген киреше 2691,0 миң (эки миллион алты жүз токсон бир миң) сом,теңдөөчү грант 7420,8 миң (жети миллион төрт жүз жыйырма миң сегиз жүз) сом,ата-энелер төлөмү 913,0 миң(тогуз жүз он үч миң) сом жана жайыт комитетинин жалпы 212,6 миң сом,анын ичинен 16,5 миң сом салык эсебинде жайыт комитетине төгүү,жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 196,1 миң (бир жүз токсон алты миң бир жүз миң) сом сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жайыттар жөнүндө”мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна негиз үчтөн бир бөлүгү 65,4 миң сом айыл өкмөтүнүн бюджетине,ал эми калган 130,7 миң сом 704-бөлүмүнүн 2215-статьясына чегерилип,жалпысынан бюджет 11220,9 (он бир миллион эки жүз жыйырма миң тогуз жүз) сом суммасында кабыл алынсын.
3. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 11220,9 (он бир миллион эки жүз жыйырма миң тогуз жүз) сом менен сунушталсын.
4. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга жана 2019-2020-жылдардын долбооруна Республикалык бюджет жөнүндөгү”мыйзамынын 6-статьясынын 4 пунктуна жана 12-статьясынын 3 пунктуна негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга,коммуналдык чыгымдарга,калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалары жана коммуналдык чыгымдын толук каржылоосуна айыл өкмөтү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.
5. Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 101,0 (бир жүз жети миң)сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110-беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун чектеринде 150,0 (бир жүз сексен миң) сом өлчөмүндө 197,1 миң сом айыл аймактын инфраструктурасын жакшыртууга 72,0 миң сом,жасалма кууттандыруу пунктуна өздүк салым үчүн,120,0 миң сом логистикалык борбордун АПШ,ПСД ларын даярдоого,120,0 логистикалык борборду курууда өздүк салым үчүн калган 103,1 миң сом Жерге-Тал айылына курулуучу бала бакчага өздүк салым үчүн сунушталсын.
8. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
9. Токтомду расмий сайтка жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Шакыев |