Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-февралы №9-2
Карышкыр жана чөө аткандарга сыйакы берүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагынын малчыларынын көйгөйлөрүн чечүү максатында айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап ,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын малчыларына зыянын тийгизип жаткан карышкыр,чөөлөрдү өлтүргөн атуулдарга төмөндөгүдөй сыйакылар белгиленсин
Карышкыр үчүн -3000 сом сыйакы
Чөөлөр үчүн - 1000 сом сыйакы
2. Сыйакыларды жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Н.Багышбековага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Тууганбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | К. Шакыев |