Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-февралы №9-3
Жайыт акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” 2009-жылдын 26-январындагы №30 мыйзамына,кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтомуна ылайык Жерге-Тал айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагындагы жайыттын балансында турган жер аянтын пайдалануучуларга 1 жылга жайыт акысы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Кара малдын 1 шарттуу башына-64 сом
Майда жандыктын 1 шарттуу башына-16 сом
Жай мезгилинде токой чарбасынын жайытына чыккандарга 1 жылга жайыт акысы
Кара малдын 1 шарттуу башына-32 сом
Майда жандыктын 1 шарттуу башына-8 сомдон болуп бекитилсин.
2. Жогорудагы бекитилген жайыт акысын ар бир жайыт пайдалануучулардан жыйнап,жергиликтүү бюджетке төгүү жагы жайыт комитетинин төрагасы К.Ниязовго милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Н.Багышбековага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Өтөмбаевге жүктөлсүн.
Төрага | К. Шакыев |