Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-февралы №9-4
Эрмамат Даникуловдун ысмын Кызыл-Капчыгай орто мектебине ыйгаруу жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксы районундагы Жерге-Тал айыл аймагынын Капчыгай айылындагы Кызыл-Капчыгай №24 жалпы орто билим берүүчү мектебине маркум Эрмамат Даникуловдун ысымы ыйгарылсын жана бул берүүчү уюм “ Эрмамат Даникулов атындагы №24 жалпы орто билим берүүчү мектеби” деп аталсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы аталган мектептин директору Айдаралиев Кубатка тапшырылсын.
3. Мектептин мындан аркы инфраструктурасын өнүктүрүүгө жыл сайын тиешелүү деңгээлде салым кошуп туруу жагы маркум Даникулов Эрмаматтын үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Н.Багышбековага жүктөлсүн
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Момуновго жүктөлсүн.
Төрага | К. Шакыев |