Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-марты №10-1
“Миң-Булак таза суу” долбоорун турмушка ашыруу максатында АРИС менен түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл өкмөт башчысынын Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу жана Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ортосундагы “Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорун” ишке ашыруу максатында түзүлгөн кызматтык макулдашуу келишимин түзүү сунушун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу жана Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн кызматташтык жөнүндө макулдашуу келишими түзүлсүн.
2. Чечим чыккан күндөн тартып аталган Макулдашуу келишими укуктуу жана мыйзамдуу болуп эсептелсин.
3. Макулдашууда көрсөтүлгөн айыл өкмөттүн милдеттерин аткаруу жана тиешелүү иштерди уюштуруу жагы айыл өкмөт башчысы Т.Айткуловго милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Н.Багышбековага жүктөлсүн
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Шакыев |