Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-августу №13-2
Муктаров Турсундун ысмын айылдык маданият үйүнө ыйгаруу жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешинин мыйзам жана укук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мухтаров Турсундун ысмы Жерге-Тал айыл аймагынын маданият үйүнө ыйгарылсын жана мындан ары “Мухтаров Турсун атындагы Жерге-Тал айылдык маданият үйү” деп аталсын.
2. Ат коюу салтанатын уюштуруу,тиешелүү иш-кагаздарын кайрадан өзгөртүп түзүү жана маданият үйүнүн мындан аркы инфраструктурасын өнүктүрүүгө тиешелүү деңгээлде салым кошуп туруу жагы Мухтаров Турсундун үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Н.Багышбековага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Шакыев |