Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-августу №13-3
Эксковатор-погрузчикти муниципалдык баланска тартуу жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап жана талкуулап,кезектеги сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИСтин “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2”долбоорунун алкагында гранттык негизде алынган эксковатор-погрузчик техникасын муниципалдык баланска алуу жагы айыл өкмөттүн башчысына сунушталсын.
2. Муниципалдык баланска алынган техника айыл өкмөттүн жайыт комитетине ар бир моточас үчүн айыл тургундарына 1500 сомдон,башка айылдарга 2000 сомдон тариф белгилөө менен келишимдик негизде өткөрүлүп берилсин.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Н.Багышбековага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын бюджет жана каржы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Шакыев |