Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-декабры №14-1
Сметага кошумча киргизүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл өкмөт башчысынын жана жергиликтүү кеңештин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин республикалык бюджеттен жетишпестиктерди жабуу үчүн келген 1 000,0 (бир миллион) сом акча каражатын чыгымдоону жергиликтүү бюджетке киргизип берүү жөнүндөгү сунушун карап жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин республикалык бюджеттен жетишпестиктерди жабуу үчүн келген 1 000,0 (бир миллион) сом акча каражаты Жерге-Тал айылынын негизги төрт көчөсүн жана Кызыл-Капчыгай айылынын негизги бир көчөсүн жарыктандыруу үчүн чыгымдалсын.
2. Көрсөтүлгөн акча каражатын жергиликтүү бюджеттин сметасынын Р-70629 бөлүмүнүн 31112290 (башка имараттарды сатып алуу жана куруу) статьясына отургузуп,андан ары максаттуу чыгымдоо жагы айыл өкмөт башчысына сунушталсын.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Н.Багышбековага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Тууганбаевге жүктөлсүн.
Төрага | К. Шакыев |