Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-декабры №14-3
Жерге-Тал айылдык Кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаттары Дөөлөталиев Каныбектин жана Мадишев Бектурсундун депутаттык укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жерге-Тал айылдык Кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаттары Дөөлөталиев Каныбектин жана Мадишев Бектурсундун арызын карап жана талкуулап,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 22-беренесине ылайык сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси болуп шайлангандыгына байланыштуу жана жазган арызынын негизинде Дөөлөталиев Каныбектин депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Жазган арызынын негизинде Мадишев Бектурсундун депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
3. Кезекте турган талапкерлерди №2314 Жерге-Тал шайлоо округунан көрсөтүп берүү жагы Аксы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Н.Багышбековага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын жергиликтүү кенештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Момуновго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Шакыев |