Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-декабры № 14
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жарым жылдыгынын жана 9 айынын социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жарым жылдыгынын жана 9 айынын социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жөнүндө Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекташовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кенешинин кезектеги 16- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жана 9 айынын социалдык экономикалык өнүгүү программаларынын аткарылышы көнүлгө алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине төмөнкүлөрдү аткаруу жагы тапшырылсын
- айыл өкмөтүнүн аймагында жаны кичи ишканаларды ачуу ,инвестиция тартуунун көлөмүн жогорулатуу , жаны жумушчу орундарды түзүү
- айыл өкмөтүнүн аймагында ветеринардык профилактикалык иштерди жүргүзүү
- 2019-жылга карата айлана чөйрөнү көрктөндүрүү,тротуарларды куруу, жарыктандыруу
- Айыл өкмөтүнүн башчысына аппараттык кызматкерлеринин кадр маселесин карап чыгуу жагы тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин төрагасынын орун басары А.Эрматовго жүктөлсүн.
Төрага | И. Тилеков |