Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-декабры № 15
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз болгон уй-бүлөлөргө берилген жардамдар жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Икрамидин уулу Абдрасулдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кенешинин кезектеги 16- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген жардамдар көнүлгө алынсын
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр,жалгыз бой улгайган адамдар ,Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары ,тылда эмгектенгендер көзөмөлгө алынып,айыл өкмөтүнүн эсебинен такай жардамдарды берүү жагы тапшырылсын
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин төрагасынын орун басары А.Эрматовго жүктөлсүн.
Төрага | И. Тилеков |