Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-декабры № 19
Бужум айылындагы жаныдан курулуп жаткан спорт залга өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекташовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кенешинин кезектеги 16- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум айылында жаныдан курулуп жаткан спорт залдын курулушунун 2-траншы үчүн дем берүүчү гранттан алынуучу 3 млн сомдун 25 % 750000 (жети жуз элүү мин) сом өздүк салым үчүн акча каражаты айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинен каралып бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин төрагасынын орун басары А.Эрматовго жүктөлсүн.
Төрага | И. Тилеков |