Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-декабры № 20
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ынтымак балдар бакчасынын менчик формасын өзгөртүү жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекташовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кенешинин кезектеги 16- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги турган Бужум айылындагы Ынтымак балдар бакчасы республикалык бюджеттен каржылоого өткөндүгүнө байланыштуу менчигинин формасы мамлекеттик болуп өзгөртүлсүн
2. Тийиштуу документтерин даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин төрагасынын орун басары А.Эрматовго жүктөлсүн.
Төрага | И. Тилеков |