Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-декабры № 3
Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-2019-жылдарга карата жайыт башкаруу планына толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыт жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесине ылайык жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын 29.10.2018-жылдагы №04-01/2782-сандуу катын шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы жана бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиялары карап чыгып, туруктуу комиссиялардын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-2019-жылдарга карата жайыт башкаруу планына төмөндөгүдөй толуктоо: “Т.Тайгараев аймактык башкармалыгынын С.Жээнбеков айылында, скважинаны тазалоо, суу сактоочу резервуар куруу, Качкынчы айылынын Сабиров көчөсүнө малды сугаруу боюнча бетон куурларды, суу түтүктөрүн орноштуруу” киргизилсин жана жогорудагы жумуштарын аткарууга макулдук берилсин.
2. АРИС долбоорунун жайыттарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорунун жергиликтүү бийликтин үлүшү катары 25% өлчөмүндө макулдашылсын жана 2019-жылга акча каражатын кароо жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин жана аткарылгандыгы жөнүндө маалыматты шаардык кеңешке берүү жагы Т.Тайгараев атындагы АБнын башчысына (Б.Нурумбетов) милдеттендирилсин.
5. Токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |