Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-декабры № 5
Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жер тилкелеринин укуктук зоналарын өзгөртүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын тургундары И.Мусаев, Н.Биримкулованын жеке менчигиндеги жер тилкелеринин укуктук зонасын өзгөртүү жөнүндө арызын, шаар архитектурасынын 01.10.2018-ж. чыг.№514-катты шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, КРнын Жер Кодексинин 18-беренесинин 2-пунктуна таянып Жалал-Абад шаардык кеӊеши тарабынан кабыл алынган 24.05.2006-жылдагы №3-токтом менен бекитилген “Жалал-Абад шаарында жер пайдалануу жана куруу эрежелерине” ылайык жана шаардык кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Чехов көчөсүндөгү 464,0 чарчы метр болгон жер тилкесин «Ц-3» базарлар жана дүн соода зонасынан «Ж-2» аралаш турак-жай куруу зонасына өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын Мамыр Баатыр, 40 дарегиндеги жалпы аянты 6722,0 чарчы метр болгон жер тилкесин «П-1 » өндүрүш жана «Ц-2» кызмат көрсөтүү жана коммерциялык активдүүлүк зонасынан «Ж-3» көп кабаттуу үйлөрдү куруу зонасына өзгөртүүгө уруксат берилсин.
3. Укуктук зоналары өзгөргөн жер тилкелеринин жер салыгынан карызы жоктугун тастыктаган тактамасынын негизинде жер тилкесинин укуктук зонасы өзгөртүлөөрү белгиленсин, аткарылуусун көзөмөлгө алуу Жалал-Абад шаарынын мэрине (М.Тагаев) милдеттендирилсин.
4. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына 2006-жылы кабыл алынган “Шаар куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы Б.Беркбаевага милдетендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |