Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-декабры № 6
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 10.02.2016-жылдагы кезектеги XXX сессиясынын №8-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 20.06.2018-ж.чыг№ 04-09/1583 жана муниципалдык менчик башкармалыгынын 17.10.2018-ж. чыг.06-5/797-катты шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесин негиз кылып жана шаардык кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 10.02.2016-жылдагы XXX сессиясынын №8-токтомунун 1-пункту төмөндөгүдөй өзгөртүлсүн: “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ипотекалык компаниясына Жалал-Абад шаарынын Р.Азимов көчөсүнүн №153-кварталынан 2000 чарчы метр жер тилкесин 60 батирлүү көп кабаттуу үй куруу үчүн бөлүп берүүгө уруксат берилсин”.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына (М.Тагаев) жана шаар мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Б.Джусупбеков) жер тилкесин бөлүп берүү үчүн КРнын мыйзамдарына жана ушул токтомдун негизинде иш алып баруу жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы Б.Беркбаевага милдетендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |