Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-декабры № 7
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 11.04.2018-жылдагы кезектеги VI сессиясынын 7-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 23.11.2018-ж.чыг№ 134-03-катты шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусунун негизинде Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 11.04.2018-жылдагы VI сессиясынын 7-токтому менен бекитилген “Жалал-Абад шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн машыктыруучуларын жана спортсмендерди жергиликтүү бюджеттен сыйлоо” Жобосуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1.2. пунктуна “Олимпиадалык, Азия оюндарын, дүйнөлүк, U-23 дүйнө чемпионаты, дүйнөлүк Ардагерлер чемпионаты жана Азиялык чемпионаттардын жана студенттер арасында дүйнөлүк универсиаданын байгелуу (1, 2, 3… -орунга) ээ болгон жеңүүчүлөрүн жана машыктыруучуларын сыйлоого колдонулат” деп толукталсын;
3-бөлүктүн 1-абзацынын 5-пункту “олимпиада, Азия оюндарында, U-23 дүйнө чемпионатында, дүйнөлүк Ардагерлер чемпионатында жана Азиялык чемпионаттарынын, ошондой эле студенттер арасында дүйнөлүк универсиаданын байгелүү орундарын ээлеген спортсмендерине, Жобонун негизинде акчалай сыйлыктын өлчөмүн мыйзам чегинде аныктоо” деп толукталсын;
5-бөлүктүн 5.1-пункту “Олимпиадалык, Азия оюндары, U-23 дүйнө чемпионаты, дүйнөлүк Ардагерлер чемпионаты, дүйнөлүк жана Азиялык чемпионаттарынын, ошондой эле студенттер арасында дүйнөлүк универсиаданын (1, 2, 3…-орун) байгелүү орунду ээлеген спортсмендер сыйлык алуу 2-тиркемеге ылайык жүргүзүлөт” деп толукталсын;
5-бөлүктүн 5.1-пунктунун 2-абзацы “Олимпиада, Азия оюндары, U-23 дүйнө чемпионаты, дүйнөлүк Ардагерлер чемпионаты, дүйнөлүк жана Азиялык чемпионаттарынын, ошондой эле студенттер арасында дүйнөлүк универсиаданын байгелүү оорунду ээлеген спортсмендин машыктыруучусу спортсмендин сыйлыгынын 30 % (пайыздык) өлчөмүндө алууга тийиш”
5-бөлүктүн 5.2-пункту “Улуттук спорттун түрлөрү жана олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча Азия оюндары, U-23 дүйнө чемпионаты, дүйнөлүк Ардагерлер чемпионаты, дүйнөлүк жана Азиялык чемпионаттарынын, ошондой эле студенттер арасында дүйнөлүк универсиаданын (1, 2, 3 …-орун) байгелүү орундун жеңүүчүлөрү 2-тиркемеге ылайык аныкталат” деп толукталсын;
5-бөлүктүн 5.2-пунктунун 2-абзацы “Улуттук спорттун түрлөрү жана олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча Азия оюндары, U-23 дүйнө чемпионаты, дүйнөлүк Ардагерлер чемпионаты, дүйнөлүк жана Азиялык чемпионаттарынын, ошондой эле студенттер арасында дүйнөлүк универсиаданын байгелүү оорунду ээлеген спортсмендин машыктыруучусу спортсмендин сыйлыгынын 30 % (пайыздык) өлчөмүндө алууга тийиш.
2. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 11.04.2018-жылдагы VI сессиясынын №7-токтомунун 2-тиркемеси Жалал-Абад шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн спортсмендерди жергиликтүү бюджеттен сыйлоо өлчөмү ушул токтомдун №1-тиркемесине ылайык толукталсын.
3. Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице мэрине (С.Алтымышев) жана Жалал-Абад шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысына (А.Бакиров) өз ишмердүүлүгүндө ушул Жобонун ченемдеринин негизинде иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы Б.Беркбаевага милдетендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин
4 -декабрь 2018-жылдагы кезектеги XIII сессиясынын 7-токтомуна
1-тиркеме
Жалал-Абад шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн спортсмендерди жергиликтүү бюджеттен сыйлоо өлчөмү (сом)
|
Спорттун олимпиадалык түрлөрүнө | ||||||||
Чоӊдор арасында | Орун | Олимпиада оюндары | Азия оюндары | Дүйнө Чемпионаты | Азия Чемпионаты | Дүйнө универсиадасы ЖОЖ | U-23 | Көчмөн дөр оюну |
1-орун | 1 500 000 | 700 000 | 500 000 | 300 000 | 100 000 | 450000 | 300 000 | |
2-орун | 1 125 000 | 600 000 | 400 000 | 200 000 | 70 000 | 350000 | 200 000 | |
3-орун | 750 000 | 500 000 | 300 000 | 100 000 | 50 000 | 250000 | 100 000 | |
| 4-орун | 375 000 |
|
|
|
|
|
|
| 5-орун | 225 000 |
|
|
|
|
|
|
| 6-орун | 225 000 |
|
|
|
|
|
|
| 7-орун | 150 000 |
|
|
|
|
|
|
| 8-орун | 150 000 |
|
|
|
|
|
|
| 9-орун | 75 000 |
|
|
|
|
|
|
| 10-орун | 75 000 |
|
|
|
|
|
|
Жаштар арасында |
|
|
| Дүйнө Чемп-ты | Азия Чемп-ты |
|
|
|
1-орун |
|
| 400 000 | 200 000 |
|
|
| |
2-орун |
|
| 300 000 | 150 000 |
|
|
| |
3-орун |
|
| 200 000 | 100 000 |
|
|
| |
Өспүрүмдөр арасында |
| Олимпиада оюндары |
| Дүйнө Чемпионаты | Азия Чемпионаты |
| Ардагерлер арасын-да дүйнө чемп. |
|
1-орун | 800 000 |
| 300 000 | 100 000 |
| 200000 |
| |
2-орун | 600 000 |
| 200 000 | 70 000 |
| 150000 |
| |
3-орун | 400 000 |
| 100 000 | 50 000 |
| 100000 |
| |
Спорттун олимпиадалык эмес жана улуттук түрлөрүнө | |||||
Чоӊдор арасында | Орун | Дүйнө Чемп-ты | Азия Чемп-ты | Дүйнө универсиадасы ЖОЖ | Азия оюндары |
1-орун | 250 000 | 150 000 | 50 000 | 350 000 | |
2-орун | 200 000 | 100 000 | 35 000 | 300 000 | |
3-орун | 150 000 | 50 000 | 25 000 | 250 000 | |
Жаштар арасында |
| Дүйнө Чемп-ты | Азия Чемп-ты |
|
|
|
| ||||
1-орун | 200 000 | 100 000 |
|
| |
2-орун | 150 000 | 75 000 |
|
| |
3-орун | 100 000 | 50 000 |
|
| |
Өспүрүмдөр арасында |
| Дүйнө Чемп-ты | Азия Чемп-ты |
|
|
1-орун | 150 000 | 50 000 |
|
| |
2-орун | 100 000 | 35 000 |
|
| |
3-орун | 50 000 | 25 000 |
|
| |
Жалал-Абад шаардык
кеӊешинин жооптуу катчысы Б.Беркбаева