Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-декабры № 8
Мүлктөрдү муниципалдык менчикке кабыл алуу жана оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесинин 5-пунктуна жана 16-беренесине ылайык жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын 22.11.2018-жылдагы №04-10/2972-катты шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун чечиминин негизинде Жалал-Абад шаарындагы №15, 21 бала бакчалар муниципалдык менчикке кабыл алынсын.
2. Жалал-Абад шаарындагы №15, 21 бала бакчаларды Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүгө уруксат берилсин, тийиштүү иш кагаздарын даярдап мүлктөрдү оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына (Ы.Калчаев) оперативдүү башкарууга берилген мүлктөрдүн сакталуусун өз жоопкерчилигине алуу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |