Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-декабры № 9
Муниципалдык менчиктеги эскилиги жеткен техникаларын жана автоунааны сатууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын 21.11.2018-жылдагы №06-03/2962-катты шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык муниципалдык Тазалык мекемесинин эскилиги жеткен 1 даана ГАЗ-3309, 1 даана суу ташуучу ГАЗ-53 техникаларын, 1 даана BMW үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасын тике сатууга уруксат берилсин.
2. Мыйзамдын талаптарын сактоо менен мүлктөрдү сатуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |