Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-декабры № 10
«Жалал-Абад шаарынын Ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин «Ардактуу Атуул» наамын ыйгаруу боюнча жобосунуну негизинде жана социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Чимбердиевдин баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын «Ардактуу Атуулу» наамы төмөндөгү жарандарга ыйгарылсын:
Нишанов Нургазы Нурланович – КРнын Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
Салиев Эркинбек Казакбаевич - Жалал-Абад областтык үй бүлөлүк медицина борборунун дарт аныктоо жана кеӊеш берүү бөлүмүнүн дарыгер-эндокринологу;
Молдалиев Аширкул Сарбашович – КРнын Финансы-экономикалык кызматтын отличниги, пенсионер.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине мемлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
3. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (С.Чимбердиев) жүктөлсүн.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жаряланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |