Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-декабры № 12
Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев аймактык башкармалыгына караштуу айыл чарба багытындагы жер тилкесин трансформациялоого макулдук берүү жана жарандарды жер тилкеси менен камсыз кылуу боюнча Т.Тайгараев АБнын 2018-2023-жылдарга карата программасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 29.11.2018-жылдагы чыг.№04-09/3070-кат боюнча вице-мэр М.Адылбеков баяндама жасап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев АБнын С.Жээнбеков айылынын 5-контурундагы 6 гектар сугат жер тилкесин “Айыл чарба максатындагы жер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Т.Тайгараев АБнын кооптуу участкада жашаган жарандарды жер тилкеси менен камсыз кылуу боюнча Т.Тайгараев АБнын 2018-2023-жылдарга карата программасы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясына өз ишмердүүлүгүндө жогоруда бекитилген программасын ишке ашыруу үчүн иш-аракет жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык мэриясына милдеттендирилсин жана аткарылышы тууралуу бир жылда бир жолудан кем эмес шаардык кеӊештин сессиясында отчет берүү жагы шаар мэрине (М.Тагаев) жүктөлсүн.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин
кезектеги XIII сессиясынын
12-токтомуна 1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын 2018-2023-жылдарга карата программасы.
1.1. Географиялык өзгөчөлүктөрү.
Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгы (мындан ары – А.Б) Жалал-Абад шаарынан 12 км алыстыкта түндүк-чыгыш тарабынан орун алган. Чыгыш тарабынан Багыш айылдык округу, түштүк тарабынан Таш-Булак, түндүк тарабынан Ленин айылдык округу, батыш тарабынан Кок-Арт дарыясы менен чектешип турат.
Рельефи: Аймактык башкармалыктын аймагынын түздүк бөлүгү топурак, кум, майда таш жана шагылдардан турат. Тоолуу бөлүгү, жээктери майда таш жана шагыл бөлүндүлөрү менен түзүлгөн. Кыртыш суунун жер үстүнө чыгышы байкалбайт.
Климаты: Климаты баардык райондук климаттык көрсөткүчтөр менен мүнөздөлөт. Климаты континенталдык, ачык байкалган кышы жана жайы менен. Абанын бир айлык орточо температурасы жай айларында өрөөндөрдө + 380С, күз кургак жылуу кийинирек кышка айланат. Жердин үстүндө кар көп жатпайт. Бир жылда карлуу күндөр – 90, кардын орточо бийиктиги 20-30 см түзөт. Январь-февраль айларында абанын температурасы –15-200С. Атмосфералык жаан-чачындын орточо саны бир жылда 500 мм ден 600 миллиметрге чейин өзгөрүп турат.
Гидрографиясы: АБ аймагы аркылуу тоолуу жерлердеги куймалары менен Кок-Арт жана Кызыл-Суу дарыялар агып өтөт (Кок-Арт дарыясы – 150 куб.м/с, Кызыл-Суу дарыясы – 50,3 куб.м/с). Дарыяларга кар-мөнгүнүн ээриген жана жаан-чачын суулары кошулат, максималдуу суу ташкын мезгили – май-июнь айлары. Арык каналдар жеткиликтүү санда болгон сугат тармагы өнүккөн. Түз жерлеринде коллектордук-дренаждык түйүндөр жок.
Өсүмдүктөрү: Тик алкактагы рельефи өсүмдүк катмарынын ар түрдүүлүгү менен шартталган. Жалпы түрлорүүнүн курамы – оңдогон түрлөрү, алар топторго кошулат (жээлчү жана жээлбечү).
Бул формациянын чөп курамына төмөнкүлөр кирет: эрингиум, жайылган кохия, кан токтотуучу бородач, миң жалбырак, түк мурундуу пырей.
Жазында жана жайдын башында шыбактуу өрөөндөрдө жана тоо этектеринде эфемерлер көп, кызгалдактар жыш гүлдөйт. Шыбактуу ээн талааларда көп жылдык бадалчалар – жайылган кохия, боз терескен, шыбактар өсүп чыгат.
Чөп өсүмдүктөрү менен катар эле бадалдар менен бак-дарактар да бар: терек, кара жыгач, тал түркүмүндөгүлөр да кездешет. Бакчалардан жыгач породалардын, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көп түрүн кездештирүүгө болот.
1.2. Аймактык башкармалыктын социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү
Аймактык башкармалыктын курамына төмөндөгү 5 калктуу конуштар кирет: Качкынчы, Кыргызстан,Тош-Кутчу, С.Жээнбеков, Кызыл-Суу. Аймактык башкармалыктын административдик борбору – Качкынчы айылы.
Айылдык округдун жалпы аянты – 6292 км2, калктын туруктуу курамынын саны 8554 адам, алардын ичинен:
Эркектер – 4293 адам;
Аялдар – 4261 адам;
7 жашка чейинки балдар – 756 адам;
7 жаштан 17 жашка чейинки балдар – 1988 адам;
18 жаштан 65 жашка чейинкилер – 5161адам.
Калктын эмгекке жарамдуулары - 4017 адам, алардын катарында:
Иштегендери - 3398 адам;
Иштебегендери - 619 адам.
-калктын социалдык аялуу топтору:
пенсионерлер - 649 адам;
майыптар - 157адам;
жалгыз бой кары жарандар - 13 адам;
7 жашка чейинки балдар - 756 адам.
№ | Калктуу конуш | Пенсио-нерлер | Майып- тар | 7 жашка чейинки балдар | Жалгыз бой кары жарандар | Эскертүү |
1. | Качкынчы | 289 | 45 | 307 | 5 |
|
2. | Тош-Кутчу | 127 | 31 | 201 | 4 |
|
3. | С.Жээнбеков | 114 | 42 | 106 | 2 |
|
4. | Кызыл-Суу | 44 | 13 | 49 | - |
|
5 | Кыргызстан | 75 | 26 | 93 | 2 |
|
| Тайгараев А.Б | 649 | 157 | 756 | 13 |
|
Калктуу конуштар радиолоштурулган, электрлештирилген, узундугу 37 км түзгөн суу түтүктөрү жана 1048 колонка бар. Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу суу түтүктөрү, кудуктар, булактар жана скважиналар аркылуу ишке ашырылат.
А.Б кеңсеси жана өткөргүчсүз «КыргызТелеком», «Сапатком», «Билайн», «Мегаком», телефон байланышы менен калктуу конуштар камсыз болгон.
Аймактык башкармалыктын аймагында өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылыгы менен алектенген 1256 фермердик чарбалар бар. Калктын негизги киреше булагы – мал чарба жана дыйканчылык.
Аймактык башкармалыктагы малдын башынын саны:
Ири мүйүздүү мал – 3192 баш;
Кой-эчки – 9365 баш;
Жылкы – 633баш;
Канаттуулар – 9895.
Жер фондусу:
сугарылуучу жер аянттары - 1056 га;
көп жылдык бак-дарактар - 2 га;
жайыттар - 745га;
колдонбогон жерлер - 4 га.
Чарба жүргүзүү объектилери:
наабайкана - 2;
май куйучу жай - 2;
тегирмен - 0;
дарыкана - 1;
эт цехи - 0;
соода түйүндөрү - 16.
Ички чарбалык жол тармагы жалпы пайдаланылып келген жолдордун тармагы менен түздөн-түз байланыштуу. Негизи жолдун узундугу 75 чакырымды түзөт, анын ичинен катуу нерсе менен капталган – 75 чакырым.
Көпүрө – 25.
Электрберүү линиясынын (ЭБЛ) узундугу – 75 чакырым.
Трансформаторлук подстанциялардын саны – 32 даана.
Калк электр кубаты менен 100 % камсыздалган.
1.3. А.Б инфратүзүлүшү жана алардын мүнөздөмөсү.
Билим берүү мекемелери:
№ к/н | Мектептин аталышы | Муг-дин саны | Окуучу-дын саны | Класстардын саны | Имараттарга мүнөздөмө |
1 | Т.Кошматов ат о.м №10 Качкынчы а. | 86 | 1180 | 43 | 3 кабаттуу, 1977-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык |
2 | Манас 100 ат о.м № 18 Кыргызстан а. | 21 | 207 | 11 | 1 кабаттуу, 1995-жылы курулган, кирпич (фин.уй), техникалык абалы канааттандырарлык |
3 | А.Калешов ат. о.м №11 Тош-Кутчу а. | 34 | 393 | 19 | 1 кабаттуу, 2008-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык |
4 | М.Сагындыков ат. н.м №12 Кызыл-Суу а. | 8 | 67 | 7 | 1 кабаттуу, 2002-жылы курулган, топурак, техникалык абалы канааттандырарлык |
| Бардыгы | 149 | 1847 | 80 |
|
Медициналык мекемелер:
№ к/н |
Аталышы | Медициналык кызматкерлердин саны |
Имаратка мүнөздөмө | ||
дары-герлер | эмчи айым/ фельдшерлер | санитарлар | |||
| Тош-Кутчу а. ФАП |
| 1/1 | 1 | 2016-ж.курулган, кирпич техникалык абалы канааттандырарлык |
| Качкынчы а. ҮДТ | 3 | 7 | 1 | 1984-ж. курулган, кирпич. оңдоп-түздөө талап кылынат |
| Кызыл-Суу а. ФАП | - | 0/1 | - | 2011 –ж. курулган (фин.уй) техникалык абалы канааттандырарлык |
| Качкынчы а. Тери-венерологиялык болум
| 5
| 9 | 9 | 1978-ж. курулган, кирпич. оңдоп-түздөө талап кылынат |
| Бардыгы | 8 | 17/2 | 11 |
|
Маданий-эс алуучу мекемелер:
Спорт зал - 3;
Спорт аянтчасы - 3;
Мечит - 5;
Коомдук мончо - 1.
Автоунаалардын жана айыл чарба техникаларынын саны:
жеңил автоунаалар - 710 бирдик;
жүк ташуучу автоунаалар - 35 бирдик;
айыл чарба техникалары - 39 бирдик;
жандык унаасы - 10.
Калктуу конуштарды кенейтүүдө жана жаны айылдарды түзүүдө аймактык башкармалыктагы баардык айылдар Жалал-Абад шаардык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы менен биргеликте тандалып чыкты, айылдардын келечектүүлүгү алардын генералдык пландары аркылуу каралды. Биринчи кезекте мурдатан негизги калктуу конуштарды түзгөн айылдарды кенейтүү, өстүрүү жагы каралды. Ошондой эле айыл кыштактарга жакын турган жер тилкелери каралды. Негизинен келечектеги түзүлүп жаткан жаны конуштарда элдер турак жай салып, жашоого ынгайлуу болгон жана негизги автоунаа олдору барган , ички инфраструктуралардыалып кеолүүө жакшы шарттары бар жер тилкелери тандалып каралды.
1. Качкынчы айылынын ээлеген аянты 84 га.833 кожолуктагы калктын саны 4235 тургун. Жалал-Абад шаарынын борборунан 12 км алыстыкта жайгашкан. Качкынчы айылынын айланасы айыл чарбасындагы үлүш сугат айдоо жерлер болгондугуна байланыштуу генералдык планына ылайык кенейтүү жана өстүрүү мүмкүн эмес.
2. С.Жээнбеков айылынын ээлеген аянты 30 га.222 кожолуктагы калктын саны 1085 тургун. Жалал-Абад шаарынын борборунан 14 км алыстыкта жайгашкан. С.Жээнбеков айылынын айланасы айыл чарбасындагы үлүш сугат айдоо жерлер болгондугуна байланыштуу генералдык планына ылайык кенейтүү жана өстүрүү мүмкүн эмес.
3. Кыргызстан айылынын ээлеген аянты 32 га. 214 кожолуктагы калктын саны 1015 тургун. Жалал-Абад шаарынын борборунан 9 км алыстыкта жайгашкан. Кыргызстан айылынын айланасы айыл чарбасындагы үлүш сугат айдоо жерлер болгондугуна байланыштуу генералдык планына ылайык кенейтүү жана өстүрүү мүмкүн эмес.
4. Тош-Кутчу айылынын ээлеген аянты 55 га. 348 кожолуктагы калктын саны 1833 тургун. Жалал-Абад шаарынын борборунан 9 км алыстыкта жайгашкан. Тош-Кутчу айылынын айланасы айыл чарбасындагы үлүш сугат айдоо жерлер болгондугуна байланыштуу генералдык планына ылайык кенейтүү жана өстүрүү мүмкүн эмес.
5. Кызыл-Суу айылынын ээлеген аянты 32 га. 136 кожолуктагы калктын саны 621 тургун. Жалал-Абад шаарынын борборунан 70 км алыстыкта жайгашкан.Кызыл-Суу айылын 1994 -2017-жылдары жер көчкү коркунучу пайда болгондон кийин келечеги жок болуп, калкты толук көчүрүү каралган.2018-2019-жылдар ичинде өтө коопту жайларда жашаган 46 үй бүлөнү кайра бөлүштүрүү фонудусунун 6 га шартуу сугат жерине көчүрүү каралды. 6 га жерге кошумча Кыргызстан айылынан өткөн жогорку чыналуудагы Датка-Узловая 220 электр линиясынын алдында калган 19 жер участоктордун ээлерине бөлүнү каралууда.
Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын 5 айылдын генералдык пландарына ылайык 2007-2008-жылдары 4 айылдын аймагы кенейтүү максатында 1133 тургунга 198 га сугат айдоо жер берилген. Бүгүнкү күнү айылдардын айланасында үлүш жерлер жана сугат жерлер болгондуктан айылдарды кенейтүүгө мүмкүн эмес. Аймактык башкармалыктын калктуу конуштарда жашап жаткан элдин саны жыл өткөн сайын өсүп,бир жылда орточо эсеп менен 120 жакын жаӊы үй-бүлөө куралууда. Аймактык башкармалык боюнча жер тилкелерине муктаж болгондордун саны 2018-жылдын 1-октябрына карата 720 жаранды түздү. Мындан сырткары табигый кырсыктардын жер көчкү жана жээк эрозиясына туш болгон жана келечеги жок деп табылган Кызыл-Суу айылынын 81 үй-бүлөөгө коопсуз участкалардан жер тилкелерин бөлүп берүү зарыл. Аймактык башкармалыктагы 866 жаранды жана жыл сайын өсүп жаткан жаӊы үй-бүлөлөрдү жер тилкеси менен камсыз кылуу максатында айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан 2022-жылдар аралыктагы программасында жер тилкелерин бөлүп берүүгө айыл аймагынын С.Жээнбеков айылындагы шартуу сугат 6 га мамлекеттик фондунда турган айыл чарбасындагы жер аянты каралды.
I этапта 2018-2019-жылдары айыл конуштарына ылайык келген аймактык башкармалыктын С.Жээнбеков айылындагы мамлекеттин фондунда турган шартуу сугат айдоо аянттан 6 га жер аянтын калктуу конуштарга которуу жолу менен жер тилкелерин бөлүнөт жана жер көчкү коркунучунда жашаган 46 үй-бүлөөгө , жогорку чыналуудагы Датка-Узловая 220 электр линиясынын алдында калган 19 жер участоктордун ээлерине жер тилкелери берилет.
Т.Тайгараев атындагы айматык башкармалыгында 2018-2022-жылдар ичинде жаӊы конуштарды түзүүгө бекитилген жер массивтери:
К/н | Этаптар | Камтылган жылдар | Калктуу конуштарга каралган жер тилкелери | Жаӊы калктуу конуштарга бөлүнө турган жер аянттары | Жер тилкесине муктаж болгон жана жаӊы куралып жаткан жараандардын саны | ||||
Табигый жарат. кырсыктарына байланыштуу | Кезекте тургандар | Баары | |||||||
га. | Участка саны |
| Жаӊы үй-бүлөө | ||||||
1. |
I | 2018-2019 | С.Жээнбеков | 6 | 65 | 65 |
|
| 65 |
Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын айылдарынын жайгашуусу жана андагы кожолуктун ,калкынын саны:
№ | Айылдардын аталышы | Район борбор. алыстыкта (км) | Област борбору алыстыкта (км) | Кожолуктун саны | Калк саны (адам) | Калктын улуттук курамы | |||
кыргыз | Башка улуттар | ||||||||
саны | % | саны | % | ||||||
1 | Качкынчы | 12 | 12 | 833 | 4235 | 4229 | 99,86 | 6 | 0,14 |
2 | Кыргызстан | 9 | 9 | 214 | 1015 | 1005 | 99 | 10 | 1 |
3 | С.Жээнбеков | 13 | 13 | 222 | 1085 | 1072 | 99 | 13 | 1 |
4 | Төш-Кутчу | 9 | 9 | 348 | 1833 | 1811 | 99 | 22 | 1 |
5 | Кызыл-Суу | 70 | 70 | 136 | 621 | 621 | 100 | 0 | 0 |
| Баары |
|
|
|
|
|
|
|
|
Т,Тайгараев атындагы аймактык башкармалыктагы калктуу конуштардын ээлеген аянттары жана мал жандыктарынын саны
№ | Айылдардын аталышы | Айылдардын жалпы ээлеген аянты (га) | Мал санактын жыйынтыгы боюнча мал жандыктарынын саны (баш) | ||
Ири мүйүздүү малдар | Кой-эчки | жылкылар | |||
1 | Качкынчы | 84 | 1532 | 3621 | 335 |
2 | Кыргызстан | 22 | 291 | 359 | 13 |
3 | С.Жээнбеков | 30 | 281 | 1154 | 127 |
4 | Төш-Кутчу | 55 | 727 | 2040 | 69 |
5 | Кызыл-Суу | 32 | 239 | 775 | 260 |
| Баары |
| 3070 | 7949 | 804 |