Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-декабры № 16
“Алтын Балалык” балдардын жайкы эс алуу лагерин өз чарбалык эсепке өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 62-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн 25.10.2018-жылдагы №01-10/554-каттын негизинде, вице-мэр М.Адылбековдун баяндамасын угуп, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн алдындагы “Алтын Балалык” балдардын жайкы эс алуу лагерин Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы мекеме катары өз чарбалык эсепке өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. “Алтын Балалык” балдардын жайкы эс алуу лагерин өз чарбалык эсепке өткөрүү боюнча Жобосун иштеп чыгып, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин сессиясында бекитүү үчүн сунуштоо жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |