Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-июну №10/2
Барпы айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышынын абалы жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги Х сессиясы 2017-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгунун аткарылышынын абалын карап, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун 19.06.2018-жылдагы №10 протоколун угуп жана талкуулап төмөндөгудой
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнун 2017-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышынын абалы айрым кемчилдиктери менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Улуштун жана там арка салыгынын жыйналышынын абалы канааттандырарлык эмес деп табылсын.
3. Мыйзамсыз там арка салыгын чогулткандарга чара көрүлсүн.
4. Патент менен иштеген ишкерлерди көзөмөлдөө канааттандырарлык эмес деп табылсын.
5. Көзөмөлдү бошондотуп жибергендиги үчүн, киреше боюнча жетектоочу адис: Р.Кимсановго чара көрүлсүн. Кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин мыйзам чегинде ижарага берүү кемчиликтери менен канааттандырарлык деп табылсын.
6. Жердин ижара акыларын толук төлөбөгөндөргө чара көрүлсүн.
7. Кыш заводдордун төлөмдөрүн көзөмөлдөө кемчилдиктери менен канааттандырарлык деп табылсын.
8. Заправкалардын төлөмдөрүнө, сатуудан түшкөн салыкты (роалти) салыгынын төлөмүн көзөмөлдөөнү бошондоткону, сессиянын 2017-жылдын 09.03 №4/2 токтомун аткарбай, 3млн сомду сарптабагандыгы үчүн каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы: М.Кыргызбаевага чара көрүлсун.
9. Жайыт акысынын топтолушу жана сарпталышы канааттандырарлык деп табылсын.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Барпы айыл өкмөтунун башчысы: А.Сыргабаевге милдеттендирилсин.
11. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов У.А. |