Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-июну №10/6
2020-жылга карата Барпы аймагында аймагында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги Х сессиясы күн тартибиндеги 2020-жылга карата эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүүгө даярдык көрүү жумуштарына каражат бөлүү жөнүндөгү кайрылууну угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл аймагында 2020-жылга карата эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүүгө даярдык көрүү максатында чарбалык буюмдарга жана жол каражаттарын 385 000 (уч жуз сексен беш мин ) сом 2019-жылдан жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берүү учун каралсын.
2. Каражат бөлүп берүү каржы жана экономика бөлүмүнун башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөну өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов У.А. |