Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-июну №10/8
Кочого ат коюу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги Х сессиясы күн тартибиндеги Ош Бишкек трассасындагы Өсөр койчунун сарайынан Барпы айыл аймагынын чек арасына чейинки аралыкка ат коюу жөнүндөгү кайрылууну угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл аймагындагы Ош Бишкек трасасындагы Өсөр Тагаевдин сарайынан Барпы айыл аймагынын чек арасына чейинки аралыкка эмгектин жана согуштун ардагери: Пусуров Кимсандын ысмы ыйгарылсын.
2. Мындан ары Ош Бишкек трассасындагы Тагаев Өсөрдун сарайынан баштап, Барпы айыл аймагынын чек тарасына чейинки аралык Пусуров Кимсан көчөсү деп аталсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов У.А. |