Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-октябры № 12/2
Пригород айылынын тугундарынын жаны чектердеги көчөгө ат коюу боюнча жазган кайрылуулары жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы кун тартибиндеги 24.07.2018-жылдагы Пригородный айылынын тургундарынын жаңы чектеги көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Базарбаев Абдуганынын ысмын берүү жөнүндөгү кайрылуусун жана 11.10.2018-жылдагы Барпы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынынын протоколун угуп жана талкуулап төмөндөгудөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнун аймагындагы Пригород айылындагы жаны чектеги көчөгө Мадаминов Маматкадыр көчөсүнүн бүткөн жеринен Урунова Патманын үйүнөн баштап оңго бурулгандагы элдик мечиттин жанындагы Анарбаева Зарипанын үйүнө чейинки аралыкка Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери маркум: Базарбаев Абдуганынын ысмы ыйгарылсын.
2. Мындан ары Пригород айылынын жаны чектеги көчогө Мадаминов Маматкадыр кочөсунун буткөн жеринен Урунова Патманын үйүнөн баштап солго бурулгандагы элдик мечиттин жанындагы Анарбаева Зарипанын үйүнө чейинки аралык Базарбаев Абдуганы көчөсү деп аталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзумө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов У.А. |