Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-октябры № 12/3
Сузак районунун Ардактуу Атуулу наамына көрсөтүү жөнүндө
Барпы айыл аймагынын, Сузак районунун жана Жалал-Абад областынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана мамлекеттик кызматтагы көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алып, Акматов Мамасалы Такабаевичти Барпы айыл өкмөтүнүн “ Ардактуу Атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндөгү сунушту,” 2018-жыл Региондорду өнуктүрүү жылында” топтолгон материалдарды карап, угуп жана талкуулап Барпы айылдык кеңешинин сессиясытөмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнун Комсомол айылынын тургуну Акматов Мамасалы Такабаевичке Жалал-Абад областынын социалдык-экономикалык өнүгүүсунө кошкон салымы жана мамлекеттик кызматтагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Барпы айыл өкмөтунун “Ардактуу Атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Мындан ары Барпы айыл өкмөтүнун Комсомол айылынын тургуну Акматов Мамасалы Такабаевич Барпы айыл өкмөтүнун “Ардактуу Атуулу” деп аталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калдырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов У.А. |