Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-октябры № 12/4
Барпы айыл өкмөтүнүн Төбөй, Жар-Кыштак, Беш-Мойнок айылдарын «АРИС» долбоорунун негизинде таза суу менен камсыз кылуу максатында Төбөй айылындагы №739 контурдан 2 скважина казуу максатында 2,0 га жер аянтын трансформация кылуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевдин кайрылуусу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХII сессиясынын кун тартибиндеги каралуучу Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевдин 09.10.2018 жылдагы №01-34/571 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн Төбөй, Жар-Кыштак, Беш-Мойнок айылдарын «АРИС» долбоорунун негизинде таза суу менен камсыз кылуу максатында Төбөй айылындагы №739 контурдан 2 даана скважина казуу максатында 2,0 га жер аянтын трансформация кылууга уруксат берилсин.
2. Трансформация кылууга тандалган 2,0 га жер аянтынын документтерин даярдоо жагы Барпы айыл өкмөтүнүн жер адиси Ө.Мурзаевге жүктөлсүн.
3. Токтомду аткаруу жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевге жүктөлсүн.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Абдыкулов У.А. |